Кирүү

Кыргызстан ветеринария илим изилдөө институту

Кыргызстан ветеринария илим изилдөө институту - Кыргыз ССР мамлекеттик агр.-өнөр жай к-тине карайт. Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунун ветеринария бөлүмү жана Кыргыз ССР илимдер академиясынын ушул илим багытындагы лабораториясынын базасында 1985-жылы уюшулган. Институтта мал жана үй куш ылаңдарын изилдөө, ылаңды алдын алуу, ылаңдуу малды дарылоо, ветеринария илиминин жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүү жана башка боюнча илимий иштер жүргүзүлөт.

Лабораториялары: койдун жугуштуу ылаңдарын изилдөө; гельминтология; биологиялык активдүү заттардын фармакологиясын изилдөө; ветеринариялык токсикология жана биохимия жана башка Озерный кыштагында (Аламүдүн району) тажрыйба жүргүзүү базасы бар. Институттагы илимпоздордун дабдыраң, туттугуу, желкабыз, мастит, кызыл өңгөчтүн бүтөлүп калышы жана башка мал ылаңдарына каршы күрөшүү. боюнча илимий сунуштары өндүрүшкө киргизилип, Кыргызстандан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Түндүк Кавказдагы чарбаларда да кеңири колдонууда.

Ой-пикирлер