Кирүү

Жузгун өсүмдүгү

Жузгун, кандым - кымыздыктар тукумундагы бадал же дарак өсүмдүгү. Бийиктиги 40-700 сантиметр. Жалбырагы майда, ичке. Гүлү кош жыныстуу. Мөмөсү кабыктуу жаңгакча. Жузгундун 80 дей түрү белгилүү. Бозоң жерлерде өсөт. Кургакчылыкка чыдамдуу. Мурунку ССРБ нин аймагында негизинен Орто Азияда ЗО дай, анын ичинде Кыргызстанда 2 түрү бар. Көп кездешкендери: түркстан жузгуну, фергана жузгуну, жалбыраксыз жузгун жана башка. Жузгун эшилме, кумдуу, борпоң топуракты бекемдөө, ошондой эле калк жашаган жайларды жашылдандыруу үчүн өстүрүлөт. Жузгунду төө, кой, эчки жакшы жейт. 100 килограмм кургак чөбүндө 23,3 тоют бирдиги, 2,48 килограмм сиңимдүү белок бар.

Ой-пикирлер