Кирүү

Айыл чарба артелинде жер кимдерге берилген

Айыл чарба артели - СССРде социалисттик типтеги коллективдүү дыйкандар чарбасы - коомдук чарбаны биргелешкен эмгек жана коомдоштурулган өндүрүш каражаттарынын негизинде жүргүзүү үчүн эмгекчи дыйкандардын ыктыярдуу бирикмеси. Айыл чарба артелине жер акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга берилет. Артелде негизги өндүрүш каражаттардын (күч унаа, айыл чарба техникасы жана шаймандары, үрөн, коомдук малга жеткидей тоют, чарбалык имараттар, айыл чарба продуктуларын иштеп чыгуучу ишканалар) бардыгы коомдоштурулат.

Мында эмгекти уюштуруунун негизги түрү - туруктуу өндүрүш бригадасы. Артелдин мүчөлөрү иштеп тапканына жараша эмгек акы алышкан. Артелдин уставында ар бир түтүнгө короо-жай, өздүк көмөкчү чарба күтүү белгиленип, алардын турак үйлөрү, малы жана башка коомдоштурулган эмес. Кыргызстанда Айыл чарба артели 1918-жылдан уюшула баштап, Пржевальский уездинде 4, 1920-жылы Пишпек уездинде 8 артель болгон. Артелде коомдук жана өздүк чарбаны шайкеш өнүктүрүү коллективдүү чарбанын артелдик формасынын маанилүү принциби болгон.

Ой-пикирлер