Кирүү

Жылкы тоюттандыруу

Жылкы тоюттандыруу - жашына, жынысына, кунардуулугуна, чарбада пайдаланышына жана тоюттун аш болумдуулугуна жараша жүргүзүлөт. Тоюттун составындагы сиңимдүү протеин, кальций-фосфор жана каротиндин саны эсепке алынат. Жылкы тоюту катары жайкысын жайыттагы көк чөп эсептелсе, колдо багылганда чөп, саман, силос, жем, улпак, күнжара, аралаш тоют жана башка берилет.

Энесинен жаңы бөлүнгөн асыл тукум кулундарга уидун сүтү да берилет. Колхоз, совхоздордо 6 түрү колдонулган: концентрат тоюту (рациондун 50% дан көбү концентрат); чөп тоюту (50% дан көбү чөп); чыктуу тоют (60% дан көбү силос менен тамыры азык тоют); кесек тоют (70% дан көбү саман, чөп); аралаш тоют (30-40% концентрат, 10-15% чыктуу, 45-55% кесек тоют). Булардын ичинен көбүнчө концентрат жана чөп тоюту колдонулат. Жылкынын чоңдоруна жем бүкүлү берилет. Саманды буулап жумшартып, үстүнө улпак же ун сээп берилет. Күнүнө 3 иреттен кем эмес тоюттандырылат. Күндүзгү тоютунда күндүк концентраттын 1/3, кесек тоюттун 1/4 берилүүгө тийиш. Түнкүсүн талаада откозулат же кесек тоют берилет.

Ой-пикирлер