Кирүү

Гвоздков Прокофий Захарович

Гвоздков Прокофий Захарович (20. 07. 1903, Волгоград областы , Краснокоротов хутору) - колхоз курулушун баштоочулардан. Эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948, 1958). 1930-жылдан ССКП мүчөсү. Волгоград областындагы (мурдагы Сталинград областы ) "Красный пахарь" колхозунун (1928-жылдан), Ворошилов атындагы колхоздун (азыр "Победа" колхозу; 1936-1938), Новоанни районундагы "Деминск" к-зунун (1958-61) төрагасы 1938-1958- жылдары Деминск МТСинде, 1961-1964-жылдары Вильямс атындагы совхоздо директор. Анын жетекчилиги менен колхоз айыл чарба өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алып, эт, сүт жана башка азык-түлүк алууда жогорку көрсөткүчкө жетишкен. Гвоздков эки жолу Ленин ордени менен сыйланган.

Ой-пикирлер