Кирүү

Жибек куртун багуу

Жибек куртун багуу - Жибек куртун пилла (пилладан таза жибек алынат) же жибек көпөлөгүн (көпөлөктөн грена алынат) алуу үчүн чарбада атайын түзүлгөн звено өзүнчө куртканада же ыңгайлаштырылган чарбалык имаратта багат. Курткана же имаратка атайын текчелер орнотулуп, ага тактага (куту) салынган греналар коюлат. Бир такта гренадан чыккан жибек курту алгачкы 4 күндүгүндө 2 чарчы/метр, 5-7 күндүгүндө 6 чарчы/метр, 8- 11 күндүгүндө 12 чарчы/метр, 12-17 күндүгүндө 25-30 чарчы/метр, 18-25 күндүгүндө 60-70 метр2 аянтта багылат.

Жибек куртун багуудан мурда гренаны жандандыруу (инкубация) иштери жүргүзүлөт. Тукум алуу үчүн таза породалуу грена (ак пилла алынуучу порода), жибек алуу үчүн жөнөкөй жана татаал гибриддердин гренасы жандандырылат. Грена жандандыруу тыт дарагынын жалбырагы өнүп чыгардан мурда атайын инкубаторийде жүргүзүлөт. Ак пилла түрүүчү жибек курту алынуучу грена жана алардын гибридин инкубациялоо режими: алгачкы 2-3 күндө температура 13-14° С, 3-4 күндө 24° С ге чейин, жибек курту алгач пайда боло баштаган кезде 25° С ге жеткирилет; инкубация мезгилинде абанын нымдуулугу 75-80% болуп, ар бир 2-3 саатта желдетилип турат. Инкубация мезгили режимине жана грена породасына жараша 11-18 күнгө созулат.

Аба ырайы суук кезде гренанын жанданышы 10 күнгө чейин токтотулат (температураны 2,5-4°С ка төмөндөтүү жолу менен). Жандануу алдында грена ак түскө айланат; бул учурда грена салынган тактага майда көзөнөктүү кагаз салынат. Жибек курт көзөнөк аркылуу кагазга чыкканда, кагаз бетине майда тууралып салынган тыт жалбырагы менен азыктанат. Гренадан жибек курту 3-5 күндө чыгып бүткөндөн кийин алар куртканага жөнөтүлөт. Пилла алуу үчүн жибек куртун багууда курттун алгачкы 17 күндүгүндө куртканадагы абанын температурасы 26-28° С, нымдуулугу 55-65%, 18-25 күндүгүндө температура 23-24° С, нымдуулук 60-70%; пилла түрүү учурунда (3 күн) температура 25° С, нымдуулук 60-70% болушу керек.

Тукум алуу үчүн жибек куртун багууда курттун алгачкы 11 күндүгүндө температура 25-26° С, нымдуулук 66-75%; 12-17 күндүгүндө температура 24-25° С, нымдуулук 66-75%, 18-25 күндүгүндө температура 23-24° С, нымдуулук 65-75%, пилла түрүү мезгилинде 24-25°С температура жана 60-70% нымдуулук талап кылынат; тукумдук жибек куртун багуу 26-30 күнгө созулат. Жибек куртун багуу мезгилинде бир такта гренадан чыккан жибек куртун тоюттандырууга 1000-1200 килограмм тыт жалбырагы керектелет.

Жибек куртунун ылаңы

Жибек куртунун ылаңы - жибек куртунун пилланы аз беришинин негизги себептеринин бири жибек куртунун жугуштуу жана мителер пайда кылуучу ылаңдары болуп эсептелет. Мите ылаңдарынын ичинен жибекчиликке чоң зыян келтиргени - пебрина ( нозематоз) ылаңы. Пебринаны жөнөкөй мите нозема пайда кылат. Жибек курт тоют менен кошо нозема митесинин спорасын жеп, ылаңга чалдыгат. Жибек курттун жугуштуу ылаңдарынан мускардина, өлүмтүк (фляшерия), киртийтме, септицемия, сарык көп таралган. Мускардинаны ар түрдүү мите козу карындар пайда кылат.

Өлүмтүк ылаңы акыркы үч жаштагы жибек куртунда байкалып, курттун ичегисинин ортосунда бактериянын өтө көбөйүп кетиши менен мүнөздөлөт. Киртийтме - адатта начар тоюттандыруудан пайда болуучу өнөкөт ылаң. Аны жибек куртунун же аарынын стрептококктору пайда кылат. Септицемия - тез таралуучу жугуштуу ылаң. Аны жибек курту үчүн вируленттүү штамм козгойт. Сарык - вирустуу ылаң, жибек куртунун негизинен личинкасы менен куурчакчасын жабыркатат. Каршы күрөшүү чаралары: ылаңдуу жибек көпөлөктөрүнүн греналарын жок кылуу, жибек курт багылуучу жайларды, шаймандарды формалин, хлорамин менен дезинфекциялоо, фунгицид чачуу.

Ой-пикирлер