Кирүү

Атайын тандоо, жаңы түр алуу

Атайын тандоо (жасалма тандоо) - эгилме өсүмдүк жана үй айбанаттарынан жаңы түр (сорт жана порода) алуу, ошондой эле мурдагы түрдү жакшыртуу ыкмаларынын жыйындысы. Атайын тандоо теориясын Ч. Дарвин иштеп чыккан. Атайын тандоодо табигый тандалуудагыдай организмге пайдалуу касиеттер тандалбастан, адам үчүн чарбалык мааниси бар касиеттер тандалат. Ч. Дарвин атайын тандоону экиге бөлүп караган: максатсыз тандоодо коомдук өнүгүүнүн алгачкы мезгилинде жаңы порода же сорт алуу максаты коюлбай, тукум үчүн гана жакшы түрү калтырылган; методикалык тандоодо адам жаңы порода жана сорт алуу же мурдагы түрүн жакшыртуу үчүн атайын максат коюп тандайт.

Ой-пикирлер