Кирүү

Конок таруусу

Конок - италян таруусу - дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык чөп өсүмдүк. Эгилме жана жапайы түрү бар. Сабагынын узундугу 50-100 сантиметр. Шыпыргы сымал (машакка окшош) топ гүлдүү, чачы тамырлуу. Машагынын кыска, жумшак кылкандары бар. Даны эллипс формасында, таруунукунан майдараак (100 данынын салмагы 1,5-3,5 грамм ), саргыч, кызгылт. Кургакчылыкка чыдамдуу, жылуу, кумдак, айрыкча кара топурактуу жерлерде жакшы өсөт. Жапайы түрү Азия өлкөлөрүндө, эгилмеси мурунку ССРБ нин аймагында - Украина, Түндүк Кавказ, Молдавия, Казакстан, Батыш Сибирь, Орто Азияда өстүрүлөт.

Морфологиялык жана биологиялык өзгөчөлүктөрүнө карата кайрак жерде өсүүчү накта конок (тез бышат, кургакчылыкка чыдамдуу, анча бийик эмес) жана сугат өрөөндө өсүүчү ит конокко (кеч бышат, бийик өсөт) айырмаланат. Конок тамак-ашка жана тоют катары пайдаланылат. Гүлдөөр алдында чабылган көк бакалы аш болумдуу тоют. Анын 100 килограммында 17 тоют бирдиги, 1,8 килограмм сиңимдүү протеин, 7 грамм каротин болот. Гектарынан 100-250 центнер көк бакал, 25-65 центнер дан алынат. Даны тартылып, малга жем болот. Кеңири таралган сорттору: Омск 10, Темир 110, Днепропетровск 15 жана башка Илдеттери: кара көсөө, жалбырак чүрүшү жана башка.

Ой-пикирлер