Кирүү

CCCРде айыл чарбасы боюнча билим берүү

СССРде -айыл чарбанын бардык тармагы үчүн жогорку жана орто квалификациялуу адистерди жана квалификациялуу жумушчуларды даярдоо системасы. Айыл чарбасы боюнча билим берүү негизинен Совет бийлиги жылдарында ар тараптан өнүктү. 1918-ж. 8, 1923-ж. 30, 1930-ж. 50 айыл чарба жогорку окуу жайлары ачылган. Азыр 100дөн ашуун айыл чарба жогорку окуу жайларында 23төн ашык адистик (агрономия, зоотехния, вет., гидро-мелиорация, айыл чарбанын механикалаштыруу, айыл чарбанын электрлештирүү, айыл чарба экономикасы ж. б.) боюнча адистер даярдалат.

Алгачкы эки курста студенттер негизинен жалпы теориялык даярдыктан өтөт. Адистик боюнча атайын сабактар (агрохимия, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, дыйканчылык, энтомология, мелиорация, айыл чарба өндүрүшүн механикалаштыруу жана автоматташтыруу, айыл чарба продуктусун кайра иштеп чыгуу ж. б.) 3-курстан баштап окутулат. Коомдук илимдерге көп көңүл бурулат.

1985-ж. айыл чарба жогорку окуу жайларында 83,4 миң, анын ичинде Кыргызстанда 871 (1984) адис даярдалган. Айыл чарба техникумдарында 30 га жакын адистик (агрономия, айыл чарбасын механикалаштыруу, зоотехния, вет. ж. б.) боюнча адистер даярдалат. 1985-ж. айыл чарба техникумдарын 198,7 миң, анын ичинде Кыргызстанда 2136 (1984) адам бүткөн. Айыл чарба үчүн квалификациялуу жумушчуларды айылдык кесиптик-техника окуу жайы даярдайт.

Ой-пикирлер