Кирүү

Жөөк арыкча

Жөөк - соко жана башка куралдар менен салынуучу арыкча. Көп корпустуу соко менен жер айдаганда соконун акыркы корпусу өткөндөн кийин бир гана ачык жөөк калат. Сугат жер дыйканчылыгында жөөк салуу жана чигит эгүү бир мезгилде жүргүзүлөт. Жөөктөп сугаргандан кийин өсүмдүктүн катар аралыгы жумшартылат. Суу агуучу жөөктүн топурактын өзгөчөлүгүнө, жердин эңкейиштигине, өсүмдүктүн катар аралыгына жараша туурасы 25-50 сантиметр, тереңдиги 15-20 сантиметр, узундугу 100-200 метр болот.

Жөөк салгыч

Жөөк салгыч - асма айыл чарба шайманы; ал айдоо аянттарга, саздак жерлерге тереңдиги 20-50 сантиметр, эни 10-25 сантиметрге чейин убактылуу жөөк салууга жана кайра тегиздөөгө арналган. Жөөк салгычтын негизги тетиктери: рама, канал казгыч, жөөк салгыч, тегиздегич, автоматтык илиништиргич, гидравликалык система, кыймыл өткөргүч механизм. КБН-0,35А маркасындагы жөөк салгыч пахта жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн вегетация мезгилинде сугаруу үчүн жөөк салууда жана башка кеңири пайдаланылат. ССРБ де БН-300, КБН-0,35А жана башка маркасындагы жөөк салгычтар чыгарылат. Ал Т-28Х4М, МТЗ-80Х, "Беларусь" тракторуна чиркелет. Тетиктери трактордун кыймыл өткөргүч валынан иштейт. Саатына километрге чейин жөөк салат.

Жөөктөп сугаруу

Жөөктөп сугаруу - мурдатан салынган жөөктөр менен техника жана эгилме өсүмдүктөрдү, жүзүм бактарын сугаруу ыкмасы. Жөөктүн тереңдиги 8ден 25 сантиметрге чейин болот. Суу жөөктүн таманы жана капталдары аркылуу кыртышка сиңет. Жердин эңкейиштигине, топурактын суу сиңиришине, өсүмдүктөрдүн түрүнө жараша сугарылат. Жөөктөрдүн катар аралыктары 0,45 метрден 1,5 метрге жетет. Узундугу 60-80 метрден 450-600 метрге чейин болот. Сугат нормасы гектарына 750-1100 метр³, өндүрүмдүүлүгү сменасына 0,4-2,0 гектар.

Жөөктөп эгүү

Жөөктөп эгүү - үрөндү сепкичтин тиши салган жөөккө себүү ыкмасы. Мында үрөн жерге белгилүү тереңдикте, бири-биринен бирдей алыстыкта түшөт. Топурак-климаттык шартка жараша жөөктүн тереңдиги жүгөрү үчүн 12 сантиметр, беде үчүн 1,5-3 сантиметр жана башка болот. Жөөктөп эгүүдө үрөн топурактын көбүрөөк нымдалган катмарына жайгаштырылып, жөөктүн үстүн топурак көөмп калат да үрөн жакшы ным тартып, айдоонун үстүнө текши өнүп чыгат.

Жөөк ченегич

Жөөк ченегич - айдоонун тереңдигин өлчөөчү прибор; узундугу бирдей эки планкадан турат. Алардын бири сантиметрлерге бөлүнөт. Айдоонун тереңдигин айдалган топурак катмарынын тик кесилишинен өлчөйт.

Ой-пикирлер