Кирүү

Бүтө элек өндүрүш

Бүтө элек өндүрүш - өндүрүш ишиндеги даяр эмес продукция. Өндүрүш процесси жүргөнү менен андан ишкана жыл аягында продукция албайт. Айыл чарбасында бүтө элек өндүрүшкө күздүк себүү, тоңдурма айдоо, көп жылдык чөп себүү, кар топтоо жана башка (дыйканчылыкта), жыл аягында туулган торопой менен музоолорду багуу (мал чарбасында) кирет. Дыйканчылыктын жалпы чыгымында бүтө элек өндүрүштүн чыгымы кээ бир совхоздордо 12-30% ды түзөт.

Ой-пикирлер