Кирүү

Күрмөк өсүмдүгү

Күрмөк - дан өсүмдүктөр тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк; шалынын зыяндуу отоо чөбү. Бийикт. 15-100 сантиметр, жалбырагы катуу өзөктүү жана сызыкчалуу. Аны адеп өнгөндө шалыдан ажыратуу кыйын. Жер шарынын ысык жана мелүүн алкактарына таралган. Мурунку ССРБ нин аймагында Европа бөлүгүндө, Кавказда, Батыш, Чыгыш Сибирде, Ыраакы Чыгышта, Орто Азияда өсөт. Күрмөк шалыдан 10-25 күн эрте бышып, күбүлүп, даны топуракта 20 жылга чейин сакталат. Каршы күрөшүү чаралары: тоңдурма айдоо, аңызды маалында малалоо, өсүмдүктүн катар аралыгын жумшартуу, шалы эгилген талааны 8-10 күн бою 15-27 сантиметр тереңдикке чейин көлдөтө сугаруу.

Ой-пикирлер