Кирүү

Компресс

Компресс (лат. compress - кысылган) - дарылоо максатында колдонулуучу таңгыч. Кургак, нымдуу, муздатуучу, жылытуучу жана дарылоочу компресске бөлүнөт. Кургак компресс ооруган, ылаңдаган, жараланган же күйгөн жерди инфекциядан, тышкы чөйрөнүн таасиринен сактоо жана жарадан чыккан ириң-канды сордуруп алуу үчүн көбүнчө кебез, тайпы, дакиден жасалат.

Нымдуу компресс ысытып же муздак тартылат. Муздатуучу компресс уруңуп алганда, күн өтүп, ысык урганда жана күйгөндө колдонулат. Тайпы, даки же кебезди муздак сууга чылап же тоңгон музду ороп туруп ылаңдаган, ооруган жерге тартат. 2 сааттын аралыгында, ар бир 10-15 минутада үстүнөн муздак суу себелеп турат. Жылытуучу компресс сезгенүү процесстеринде (ылаңды) ооруну басаңдатуучу, айыктыруучу каражат катары колдонулат. Спирт, ихтиол, камфора майы жана башка дары-дармектер кошулуп жасалганы дары компресси делет.

Ой-пикирлер