Кирүү

Кыргыз кыштык алмасы

Кыргыз кыштык алмасы - алма сорту 1949-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын Ботаникалык багында Э. 3. Гареев Александр апорту менен америкалык Кинг Денис сортун гибриддештирип чыгарган. Бул сорт 1960-жылы мамлекеттик сыноо мекемесине берилип, 1972-жылы Чүй өрөөнүнүн тоолуу зонасында өстүрүүгө сунуш кылынган. Мөмөсүнүн орточо салмагы 200 грамм, айрымы 400 грамм. Сулпу жумшак, ширелүү, ачкыл-ширин жана жыттуу. Кабыгы кочкул. Дарагы суукка байымдуу. Гектарынан 160 центнерге чейин түшүм жыйналат. Мөмөсү кеч күздө бышып, июлга чейин сакталат.

Ой-пикирлер