Кирүү

Дан жөнүндө маадымат

Дан - 1) дан эгиндеринин жана буурчак өсүмдүктөрүнүн уругу; 2) негизги азык-түлүк, мал үчүн концентраттык тоют, өнөр жай чийки заты. Дандан ун, акшак, нан, макарон жана кондитердик азыктар жасалып, адамдын тамак-аш азыктарына болгон керектөөлөрүнүн бир кыйла бөлүгүн канааттандырат. Дан мал жана куштарды багып өстүрүүдө, алардан сапаттуу азык алууда да тоют катары чоң роль ойнойт.

Дан кабыксыз (буудай, кара буудай, жүгөрү) жана кабыктуу (арпа, сулу, таруу, күрүч, сорго жана башка) болот; кабыкча түйүлдүк жана эндоспермден турат. Кабыкча данды сырткы чөйрөнүн зыяндуу таасиринен - механикалык жаракадан жана ал аркылуу түйүлдүккө уулуу заттардын киришинен сактайт. Дандын эң негизги массасын эндосперм түзөт. Эндосперм крахмал менен белоктордон турат. Андан мыкты ун алынат.

Эндоспермдин сырты алейрон кабыкчасы менен капталган. Дандын төмөнкү болочокку тамыр, сабак өнүп чыгуучу түйүлдүк орун алган. Ал белок, май, кант, витамин жана ферменттерге бай. Буудайдын данынын салмагынын 4/5 бөлүгүн же 77-82% ын эндосперм, 6,8-8,6% ын алейрон катмары, 5,5-8,0% ын кабыкча жана 1,5-3,0% ын түйүлдүк түзөт. Сулунукунда 54-61 % эндосперм, 4-6% алейрон катмары, 3-4% түйүлдүк, 2,4% кабыкча болот.

Буурчак өсүмдүктөрүндө эндосперм болбойт. Андагы углеводдордун негизги бөлүгүн крахмал түзөт (эндоспермдин салмагынын 85% ы). Клетчатка жана гемицеллюлоза клетканын чел кабыгынын түзүмүнө кирет. Данда мальтоза, глюкоза жана фруктоза канттары бар. Нымдуулугу 14% жумшак буудайдын данында орто эсеп менен 12% белок, 1,7% май, 68,7% углевод, 2% клетчатка, 1,6% күл болот; катуу буудайда 13,8% белок, 1,8% май, 66,6% углевод, 2,1% клетчатка, 1,7% күл бар.

Дандын түсү, жыты, кургактыгы, жаңылыгы, илдет менен зыянкечтен тазалыгы анын абалын билдирет, ал эми биологиялык, физикалык-химиялык, технологиялык жана керектөө касиеттери менен белгилеринин жыйындысы данды кандай максатка - үрөнгө, азык-түлүккө тоютка жана башка пайдалануу керек экендигин көрсөтөт. Дандын жана андан жасалган азыктардын сапаты мамлекеттик стандарт боюнча бааланат.

Айыл чарба өндүрүшүн интенсивдештирүү - барыдан мурда минералдык жана органикалык жер семирткичтерди кеңири колдонуу, көп түшүм берүүчү сорт менен гибриддерди өндүрүшкө киргизүү, кайрак жерлерди сугаруу (жалпы эле дыйканчылыктын маданиятын көтөрүү) жана башка чараларды ишке ашыруу көп дан алууну камсыз кылат.

Ой-пикирлер