Кирүү

Калий селитрасы

Калий селитрасы - азот кычкыл калий, калий нитраты - өсүмдүккө сиңимдүү, концентрациясы жогору азот-калийлүү, жегичтүү жер семирткич. 13.59% азот, 46.5% калий болот, формуласы КNO3. Ак, майда кристалл зат, ным сиңиримдүүлүгү төмөн, жакшы чачылат. Сууда жакшы эрийт. Бардык айыл чарба өсүмдүктөрүнө колдонулат, өзгөчө жашылча, зыгыр, тамеки, цитрус жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрү үчүн натыйжалуу.

Негизги жер семирткич катары, ал эми жүзүмзар жана мөмө бак үчүн кошумча жер семирткич катары пайдаланылат. Химиялык жол менен бир нече ыкмада алынат. Табигый калий селитрасы мурунку ССРБ нин аймагында аз кездешип, өнөр жайлык мааниге ээ эмес. Табигый кени Индия, Египет, Чили, Иранда. жана башка жерлерде бар.

Ой-пикирлер