Кирүү

Каман

Каман - тукумдук эркек чочко. Торопоюнун жыныстык инстинкти 4-5 айлыгында пайда боло баштайт. Мегежинге кошуу үчүн салмагы 160- 200 килограмм, 10 айлыктан кем болбогондору тандалат. Асыл тукум каман алуу максатында теги жогорку класстагы, сырткы турпаты (экстерьери) кынтыксыз, ирилери алынат. Тандоо иши торопойдун турпаты боюнча 2 айлыгында, салмагы, суткалык салмак кошуу, кыртыш майынын калыңдыгы, дене узундугу, сан этинин толугу боюнча 6-6,5 айлыгында жүргүзүлөт.

Тандалган каманды мегежинге кошкон алгачкы сезондогу тукумдатуу проценти, жаңы туулган торопойлорунун сапаты боюнча баалайт. Көп тукумдуулугу, жакшы семирүүсү, этинин сапаты боюнча тандалган рекордсмен каман мегежиндер тобуна кошулат. Мындай жол менен тандалган каман 5-7 жыл пайдаланылат. Асыл тукум ишинде рекордчу каман линиянын түпкү теги катары пайдаланылат.

Бул камандын тукумун өнөр жайлык чочко чарбасында гибриддик тукум алуу үчүн пайдаланууга болот. Асыл тукум чочко өстүрүү чарбаларында каман өзүнчө жайда багылат; ал жерде атайын туут жана куут бөлмөлөрү болот. Өнөр жайлык багыттагы чочко өстүрүү чарбаларында каман субай мегежиндер багылчу чочкоканада багылып, анда колдон уруктандыруу бөлмөсү уюштурулат. Чочкоканада каманды дайыма тазалап, туягынын өскөн жерлерин жонуп туруу зарыл. Асыл тукум чочко чарбаларында каманды күн сайын сыртка чыгарып, сергитилет. Камандын рациону улам жаңыртылып, дайыма белгилүү семиздикте багылат; уругунун сапаты текшерилип турат.

Ой-пикирлер