Кирүү

Кош аяктар

Кош аяктар - кемирүүчүлөр түркүмүнүн сүт эмүүчүлөр тукуму. Дене узундугу 5-26 сантиметр. Башы чоң, тумшугу тукул, кулагы жазы, узун, көзү бакыракай, мурут кылдары узун. Арткы буттары алдыңкысынан 3-4 эсе узун, күчтүү; куйругунун учу чачылуу, узундугу 7-30 сантиметр. Арткы буту менен секирип, чуркайт. Түнкүсүн тиричилик кылат. Түрдүү чөптөрдү, кээде курт-кумурскаларды жейт.

Кышты чээнде уктап өткөрөт. Жылына бир жолу 2-8 ден мөндөлөй тууйт. Евразия, Африка, Америкада кездешет. Негизинен талаа жана чөлдүү жерди мекендеген 10-15 урууга кирген 27-30 түрү; мурунку ССРБ нин аймагында 9-10 уруусунун 17 түрү белгилүү; алардын төртөө (чоң, кичи, секиргич жана түк буттуу кош аяктуулар) Кыргызстанда кездешет. Чоң кош аяктуулар дарбыз, коон, күн карама, буурчак жана башкалардын себилген үрөнүн жеп зыян келтирет. Каршы күрөшүү чаралары: капкан салуу, цинк фосфиддүү татканткыч коюу.

Ой-пикирлер