Кирүү

Алманын үтүр сымал калканчалуусу

Алманын үтүр сымал калканчалуусу - тең канаттуулар тукумундагы курт-кумурска. Көп өсүмдүккө зыян келтирет. Денесинин узундугу 0,8-1,5 милиметр. Ургаачысынын калканчасы күрөң, узундугу 2-3,5 милиметр, эркегиники 1,3 милиметр, ачык күрөң. Бардык жерде кездешет. Партеногенездик жана эки жыныстуу түрлөрү бар. Биринчиси алма, алмурут, кара өрүк, барсылдак, четин, долоно; экинчиси кайың, ак чечек, зараң, липа, карагат жана башка өсүмдүктөргө зыян келтирет.

Алманын үтүр сымал калканчалуусу тумшугун дарактын ичке бутагынын кабык тканына матырып, өсүмдүк ширесин сорот. Анын шилекейиндеги түрдүү ферменттер өсүмдүктүн зат алмашуусун бузат. Жабыркаган өсүмдүктүн түшүмү азайып, бутактары куурайт. Алманын үтүр сымал калканчалуусунун ургаачысы августта 20-90 жумуртка таштайт. Дарак кабыгынын астында кыштап, жазында личинкасы чыгып, алма бутагына жайылат.

Каршы күрөшүү чаралары: алма дарагына жана башка эрте жазда (бүчүрү ачыла электе) нефть майынын эмульсиясын, нитрафен аралашмасын ж. б., личинкаларына (өсүмдүк гүлдөп бүтөрү менен) инсектицид жана башка чачуу.
Ой-пикирлер