Кирүү

Жылбырска козу көрпөсү

Жылбырска - эки жумалык жашына чейинки өлгөн же союлган кылчык жүндүү козунун көрпөсү. Жүнү түрмөктөлө ири тармалданып, уч жагы жылмаланып кетет. Жылбырсканын сапаты негизинен койдун породалык өзгөчөлүгүнө, терини сыйруу ыкмасына, сактоо шартына байланыштуу. Жылбырска чирибес үчүн туздалат же тузсуз кургатылат. Жылбырска жака, тумак, пальто жасоо үчүн пайдаланылат.

Ой-пикирлер