Кирүү

Жалган зым курттар

Жалган зым курттар - сасык коңуздар жана гүл чаңчасы менен азыктануучу коңуздар тукумунун личинкаларынын жалпы аты. Чыртылдак коңуздардын личинкасын зым курттардан айырмалоо үчүн булар жалган зым курттар деп аталган. Сасык коңуздардын узундугу 2-50 миллиметр, денесинин шар, таякча сымал, көпчүлүк түрү канатсыз. Личинкасы узун, абдан катуу, сары, жону кара, боору жалпак.

Чыртылдак коңуздардын (зым курттардын) личинкаларына абдан окшош, бирок алардан 1-жуп буту калган буттарынан чоңураактыгы менен айырмаланат; 15 миңден ашык; мурунку ССРБ нин аймагында 1000 ден ашык түрү белгилүү. Алар негизинен талаа, жарым чөл жана чөлдөрдө кезигет. Кыргызстанда сасык коңуздун 250 түрү бар; анын 68 түрү айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана тамак-ашка (кампа зыянкечтери) зыян келтирет.

Сасык коңуздардын өөрчүү цикли 1 же 2 жыл. Коңуздары 4 жылга чейин жашап, жазында ар кайсы отоо чөптөр менен азыктанат. Айрым түрлөрү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өнүмүн, сабак, жалбырак жана урук үлүштөрүн, жеп зыян келтирет. Жылына топуракка 500 гө жакын жумуртка таштайт. Личинкасы өсүмдүк уругун, жаш өсүмдүктүн тамырын жейт. Сасык коңуздар өзгөчө кургакчыл жылдары өсүмдүккө олуттуу зыян келтирет.

Гүл чаңчасы менен азыктанган жалган зым курттарынын коңузунун узундугу 4-25 миллиметр. Өңү боз, күрөң, кара. Бардык жерде кезигет; 1300 түрү (мурунку ССРБ нин аймагында 100 дөй) белгилүү. Коңузу түрдүү өсүмдүктөрдүн гүл чаңчаларын жейт. Личинкасы өсүмдүк тамырына зыян келтирет.

Ой-пикирлер