Кирүү

Балык-өрдөк чарбасы

Балык-өрдөк чарбасы - айкалыштырылган көлмө чарбасы. Мында көлмө бир эле мезгилде балык өстүрүүгө да, өрдөк тоюттандырууга да пайдаланылат. Балык-өрдөк чарбасынын негизги тармагы - балык (негизинен бакма каңылтыр) өстүрүү. Өрдөк көлмөгө өз кыгын таштап, балык үчүн табигый тоютту (зоопланктон, чиркей кызыл курту) көбөйтөт; көлмөнүн түбүн жумшартып, суунун үстүндөгү жана түбүндөгү чөптү жеп, көлмөнү мелиорациялайт; балык зыянкечтерин жок кылат; моллюска, курт-кумурскалардын личинкасын, көнөк баштарды, майда бакаларды жейт; чарбалык мааниси жок майда балыктарды жок кылат.

Бул көлмөнүн табигый балык азыктуулугун орточо 40 пайызга жогорулатат. Мындан тышкары өрдөк көлмөдө тез чоңоёт; жемди аз керектегендиктен өрдөк этинин өз наркы 15-20% га арзан болот. Туюк көлмөдө 1 гектар суу аянтына 200-250 өрдөк, суу агып чыгуучу көлмөдө 500-600 өрдөк туура келет. Бир жылдык каңылтыр көлмөгө өрдөктөн 15-20 күн мурда коё берилет.

Ой-пикирлер