Кирүү

Аммоний карбонаты жана бикарбонаты

Аммоний бикарбонаты

NH₄HCO₃ - көмүр кычкыл аммоний тузу. Ак, кристалл түрүндөгү күкүм, 17,7% азоту бар. Туруксуз, кадимки температурада тез ажырап, көп ысырап болгондуктан, жер семирткич катары өтө аз колдонулат. Жегич реакциялуу, аммиак нитрификациясынын натыйжасында топурак эритиндиси кычкылданып, кычкыл жер семирткич катарында пайдаланылат. Таасирдүүлүгү боюнча аммиак селитрасына жана мочевинага жакын.

Аммоний карбонаты

Көмүр кычкыл аммоний, (NH4)2CO3-көмүр кычкылынын аммоний тузу, азот жер семирткичи. Сууда оңой эрийт, түссүз кристалл. Өтө туруксуз. Сактоодо учма аммиак бөлүп чыгаруу менен ажырап, аммоний бикарбонатына айланат. Аммоний карбонатында 24,5% азот, техникалык өндүрүмүндө (аммоний карбонаты, бикарбонаты жана карбамат аралашмасы) 21-25% азот болот. Аммоний карбонаты жогорку температурада узакка сакталса, андагы азот азайып кетет. Аммиактын учуп кетүүсүн азайтуу үчүн жер семирткичти пресстөө, чайырдуу зат эритмеси менен каптоо сунуш кылынат. Аммоний карбонаты жегич реакциялуу, топурак чачканда нитрификацияланып, топурак эритиндисин кычкылдантат. Туруксуздугуна байланыштуу жер семирткич катары аз колдонулат. Аны азоту аз түрдүү топуракта жана бардык айыл чарба өсүмдүгү үчүн колдонсо болот.

Ой-пикирлер