Кирүү

Коңур баш

Коңур баш - дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп уруусу. 50дөй түрү мелүүн алкактарда өсөт. Мурунку ССРБ нин аймагында 20 дай, анын ичинде Кыргызстанда 2 түрү бар. Коңур баш - баалуу тоют чөп, бардык мал жакшы оттойт. Бул чөптөн малдын сүттүүлүгү артып, жакшы семирет. Кеңири таралган түрү - шыңга же ичке коңур баш . Сабагынын бийиктиги 50 сантиметрдей, кургакчылыкка, шор топуракка чыдамдуу. Айрым шалбаада өскөн өсүмдүктүн 30-40% ын түзүп, жакшы алысындайт. 100 килограмм чөбүндө (баш алган кезде) 23,2 тоют бирдиги жана 25% сиңимдүү протеин болот. Коңур баштын көгүлтүр, Кавказ, Делеван жана башка түрлөрү да бар.

Ой-пикирлер