Кирүү

Актиномикоз малдын жана адамдын ылаңы

Актиномикоз - малдын жана кишинин жугуштуу өнөкөт ылаңы, оорусу. Актиномикоз менен көбүнчө уй, кээде чочко, кой, эчки, жылкы ылаңдайт. Негизинен мал кышында короо сарайда багылып, кургак, катуу чөп жегенден пайда болот. Козгогучу көбүнчө былжыр челдин жараланган жери аркылуу организмге кирип, ар кайсы орган, тканда (көп учурда башта) ириңдүү шишик - гранулеманы пайда кылат. Ал жанындагы тканга таралышы мүмкүн. Алдын алуу үчүн малды саздак жерге жайбоо, кургак, катуу чөптү малга берүү алдында буулап жумшартуу керек. Дарылоо негизинен антибиотиктер (пенициллин, окситетрациклин ж. б.) пайдаланылат.

Ой-пикирлер