Кирүү

Айыл чарбасын финансылоо

Айыл чарбасын финансылоо - айыл чарба уюму, ишкана жана мекемелеринин өндүрүшүн акча каражаты менен камсыз кылуу. Каражаттын булагы алардын өздөрүнүн каражаттары жана мамлекеттик тарабынан кайтарымсыз берилген каражаттан турат. Айыл чарба фондунун көлөмү, булактары колхоз, совхоздордун финансы планында көрсөтүлөт.

Айыл чарбасында негизги фондуларды түзүү, өндүрүшту кеңейтүү, өндүрүш каражат-куралдарын жаңыртуу жана капиталдык ремонттун чыгымдары, ошондой эле продукция берүүчү негизги малды, чарбадагы айланма каражаттарды топтоо иштери, операциялык чыгымдар финансыланат. Мамлекеттик айыл чарба мекемелерин финансылоо алардын өз каражатынын (мисалы, накта пайданын, амортизациялык чегерүүлөрдүн жана башка эсебинен), мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Мамлекеттик агрардык өнөр жай комитеттери (республикалык, облустук мамлекеттик агрардык-өнөр жай комитеттери, райондук агрардык-өнөр жай бирикмелери) борбордоштурулган каражаттын эсебинен финансыланат.

Финансылоо иштери колхоздордо өз каражатынын жана банк кредити аркылуу ишке ашырылат. Капиталдык салымдарды финансылоонун булактары: амортизациялык жана бөлүнбөс фондуну толуктоого нак кирешеден чегерүүлөр; негизги фондудагы малды сатуу, мамлекеттик банк ссудасы.

Ой-пикирлер