Кирүү

Дизель кыймылдаткычы

Дизель кыймылдаткычы (немец ойлоп чыгаруучусу Р. Дизелдин ысымынан) - кысылуудан от алуучу поршендүү ичинен күймө кыймылдаткыч. Арналышына жараша туруктуу орнотулган жана транспорттук (автомобиль, трактор, комбайн, кеме жана башкалар ) дизель кыймылдаткычына бөлүнөт. Дизель кыймылдаткычы 4 жана 2 тактылуу, 1-4, 6, 8 жана 12 цилиндрлүү болуп жасалат. Поршень менен кысуунун натыйжасында жогорку температурага чейин ысытылган абага (550-650°С чейин) күйүүчү май чачыратылып, ал аралашма өзүнөн-өзү тутанып күйөт.

Дизель кыймылдаткычы - үнөмдүү жылуулук кыймылдаткычтарынан. Мыкты дизель кыймылдаткычынын күйүүчү аралашманы (отунду) салыштырмалуу сарп кылышы 190 г/квт. с. Анын пайдалуу аракет коэффициенти 45 пайызга жетет. Дизель кыймылдаткычынын абдан үнөмдүүлүгүнө күйүүчү отунду салыштырмалуу аз сарптоо жана арзан түрлөрүн (керосин, газойль, солярка пайдалануу менен жетишилет. Газ менен иштөөчү да дизель кыймылдаткычы бар. Айыл чарбасында дизель кыймылдаткычы бардык трактор, комбайн, оор жүк ташуучу автомобилде жана туруктуу иштөөчү установкаларда, пайдаланылат.

Дизель майы

Дизель майы - нефтиден жана синтездик материалдан алынган продукт: ал дизель кыймылдаткычындагы айлануучу тетиктерди майлоо үчүн колдонулат. Дизель майынын сапатын жогорулатуу үчүн ага кошумча (присадка) кошулат. Мында кыймылдаткыч тетиктеринин (өзгөчө күкүрттүү отун менен иштеген) коррозияга каршылыгы жогорулап, поршень шакекчелери көп жешилбейт. Дизель кыймылдаткычына Д-8; Д-11; Д-14 маркасындагы май куюлат. Муну чечмелегенде: Д - дизель майы, п - кошумча, 11, 14 деген сандар 100°С температурада кинематикалык илээшкектүүлүктүн орточо мааниси.

Дизель отуну

Дизель отуну - нефтини түздөн-түз буулантуудан алынган зат; ал ичинен күймө дизель кыймылдаткычтарында күйүүчү отун катары пайдаланылат. Кыймылдаткычтын айлануу ылдамдыгына жараша ар түрдүү илээшкектеги дизель отуну керектелет. Кыймылдаткыч канчалык тез айланса, отундун илээшкектиги ошончолук аз болушу зарыл. Дизель отунун пайдаланууда негизги талап: жешилүүгө каршы касиетке ээ, илээшкектиги жакшы, ар кандай механикалык аралашмадан таза, суукта тоңбогон, аба менен жакшы аралашып, түтүнсүз таза, толук күйүүгө, цетан саны жогору болууга тийиш. Бак, кыймылдаткычтын тетиктеринде коррозия болбош үчүн дизель отунунда кислота жана башка күкүрттүү бирикмелер абдан аз болушу керек. Дизель отуну күкүрттүү жана күкүртү аз нефтиден алынат. Күкүрттүү нефтиден алынган дизель отунунда 1,0% га чейин күкүрт болот. Мындай отун арктикалык, кышкы, жайкы, атайын болуп бөлүнөт. Айыл чарбасында көбүнчө арктикалык, кышкы, жайкы маркасындагы дизель отуну пайдаланылат.

Ой-пикирлер