Кирүү

Агава өсүмдүгү

Агава — амариллистер тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабагы кыска, жалбырагы калың, чети жоон тикендүү, тамырга жакын өсөт. 6—15 жылда бир жолу гүлдөйт. Агаванын майда гүлдөру (1000ге жакын) биригип ири шыпыргыдай топ гүлдү пайда кылат. Мөмөсү бышканда өсүмдүк куурап, кийинки жылы тамырынан өркүн чыгат. Мексика, ага жакын өлкөлөрдө 300дөн ашык жапайы түрү өсөт.

Ысык климаттуу өлкөлөрдө агаванын айрым түрлөрүн колдо өстүрүп, жалбырагынан аркан, жип эшет, таар токушат, кагаз жасайт. Кээ бир түрүнүн таттуу ширесинен спирт алынат. СССРде: Крым, Кавказ., Кыргызстан жана башка жерлерде парк, гүлзарларда өстүрүлөт. Күнөстүү жерде жакшы өсөт. Агаванын кээ биринин тамыры медицинада дары-дармек катары колдонулат.

Ой-пикирлер