Кирүү

Жер жөнүндө декрет

Жер жөнүндө декрет - жер жөнүндөгү советтик алгачкы мыйзам актысы. 1917-жылы 26-октябрдан 27-октябрга (8-ноябрга) караган түнү Советтердин Бүткүл россиялык 2-съездинде В. И. Лениндин доклады боюнча кабыл алынган. Жер жөнүндө декретке жалпы дыйкан өтүнүчү (242 жергиликтүү дыйкан өтүнүчү) негиз болгон. Помещиктердин жери, монастырь жана чиркөөгө тийиштүү жерлер бардык шайман жана курулуштары менен кошо волостук жер комитеттери менен дыйкан депуттарынын уезддик Советтеринин гарамагына өткөн.

Жерге болгон жеке менчик укугу биротоло жоюлуп, бардык жер бүткүд элдик, мамлекеттик менчикке айланган жана эмгекчилерге акысыз пайдаланууга берилген. Кыргызстанда жер жөнүндө декретти турмушка ашырып дыйкандарды жер менен камсыз кылууга Советтер чечкиндүү киришип, Пишпек уездинен 4600 теше, Ысык-Көл монастырынан 1774 теше жер жана башка кыргыз жана орус кедейлерине акысыз пайдаланууга берилген.

Ой-пикирлер