Кирүү

Көчөт казуу

Көчөт казуу - питомникте көбүнчө күзүндө жүргүзүлөт. Казууга 1 -1,5 ай калганда көчөттөр апробацияланып, ошол эле мезгилде көчөт казуу, ташуу жана көмүү үчүн зарыл курал-жарак, транспорт жана башка каражаттар камдалат. Адатта жаш көчөттөрдүн вегетация мезгили узакка созулуп, алардын жалбырагын кол менен үзүүгө туура келет. Бул өтө оор иш. Азыр химиялык дарылар менен дефолиациялоо жүргүзүлөт. Көчөткө кальцийдин хлорат-хлоридин (0,1-0,2% дуу таасир этүүчү заты бар) жана магний хлоратын (0,2-0,3%) чачуу жакшы натыйжа берүүдө (жалбырак 70-100 пайызга түшөт).

Химиялык дарылар көчөт казууга 15-20 күн калганда чачылат. Айрым питомниктерде көчөт казуу иши механикалаштырылган. Эгер көчөт кол менен казыла турган болсо, андан 20-25 сантиметр, алыстыкта күрөктүн бийиктигинен 2 эсе терең келген арык казылып, көчөттүн өзөк тамырын кесүү керек. Көчөттүн тамыры кургап, куурап кетпесин үчүн аны убактылуу көөмп коюу зарыл. Андан кийин казылган көчөттөр сортко бөлүнүүчү жерге жеткирилет. Көчөттөр биринчи, экинчи сортко жана жараксыз деп бөлүнөт. Күзүндө тигилүүчү көчөттөр жерге (убактылуу), жазында тигилүүчүсү атайын участкага көмүлөт.

Ой-пикирлер