Кирүү

Витаминдердин чарбадагы мааниси

Витаминдер - (лат. vita -тиричилик) - биологиялык жактан активдүү жана аз өлчөмдө болсо да организмдин нормалдуу тиричилиги үчүн зарыл бирикмелер. Негизги азык заттардан (белок, май, углевод, минералдык туздар) айырмаланып витаминдер энергия булагы же ткань түзүүчү материал боло албайт, бирок зат алмашууга катышат. Витаминдердин көбү организмде белок, май, углеводдордун ажыроосун катализдөөчү ферменттердин же фермент системаларынын түзүмүнө кирет. Витаминдер негизинен өсүмдүктө пайда болот.

Витаминдердин пайда болуусунда микроорганизмдердин ролу чоң. Адам жана жаныбарлар витаминдерди тике (өсүмдүктөн) же кыйыр (жаныбарлар азыктарынан ) түрдө алышат. Витаминдердин организмде жоктугу авитаминоз оорусуна дуушар кылат. Витаминдерди орус врачы Н. И. Лунин (1880). ачкан. 1912-жылы польшалык врач К. Функ "Витамин " деген атты киргизген. Негизги витаминдер : А1 (ретинол), В1(тиамин), В2 (рибофлавин), Вз (пантотен кычкылы), В6, (пиридоксин), В12 (цианкобаламин), Вс (фолий кычкылы), С (аскорбин кычкылы). Д (кальциферол), Е (токоферол), Н (биотин), РР (никотин кычкылы), К1 (филлохинон).

Эригичтигине карата витаминдер майда эрүүчү (А, Д, Е жана К) жана сууда эрүүчү (С, В|, В2, В , В12, РР, пантотен кычкылы, фолий кычкылы, холин, биотин жана башкалар ) болуп айырмаланат. Малды тоюттандырууда витаминдердин мааниси чоң. Алардын жетишсиздиги же жоктугу жаш малдын өсүшүн токтотот, организмдин ылаңга туруктуулугун азайтып, кунардуулугун төмөндөтөт. Малдын витаминдерди керектөөсү анын түрүнө, жашына, физиологиялык абалына, кунардуулугуна, тоюттандыруу жана багуу шартына жараша болот. Витаминдердин негизги булагы тоют болгондуктан, анын составындагы витаминдердин өлчөмүн билүү зарыл. Витаминдер балык боорунда, өсүмдүк жана мал майында, дан, тоют өсүмдүктөрүнө, силос, сүт, жумуртка, картошка, ачыткы, чөп унунда жана башка азыктарда болот. Витаминдер негизинен химиялык жана микробиологиялык синтез жолу менен алынат.

Ой-пикирлер