Кирүү

Агрохимия же агрономиялык химия

Агрохимия, агрономиялык химия — топурак жана өсүмдүктөгү химиялык процесстер, өсүмдүктүн азыктанышы, жер семирткич жана башка химиялык заттарды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонуу жөнүндөгү илим.

Агрохимия — айыл чарбасын химиялаштыруунун илимий негизи. Агрохимиянын негизги маселелери: жер семирткичтердин бир кыйла натыйжалуу түрлөрүн табуу, аларды колдонуу ыкмаларын иштеп чыгуу, топурак, тоютка массалык анализ жүргүзүү, жердин агрохимиялык картограммасын түзүү, дыйканчылык жана мал чарбасын химиялаштырууда жардам көрсөтүү. Агрохимия топурак таануу, дыйканчылык метеорология, өсүмдүк физиологиясы жана биохимиясы, айыл чарба микробиологиясы, физика, химия менен тыгыз байланыштуу.

Бөлүмдөрү: өсүмдүктүн азыктанышы, жер семирткичтердин айрым түрлөрүн колдонуунун натыйжалуулугу жана аны колдонуу ыкмалары, топуракты химиялык жол менен мелиорациялоо (акилөө, гипстөө), отоо чөпкө каршы күрөшүүдө химиялык каражаттарды колдонуу жана аларды изилдөө. Өсүмдүктүн азыктанышы жана жер семирткич колдонуу боюнча системалуу түрдөгү алгачкы илимий изилдөөлөр Д. И. Менделеев жана К. А. Тимирязевге таандык.

Фосфорит унун жер семирткич катары алгач А. Н. Энгельгардт, суперфосфатты үрөн менен кошо катарлап себүүнү А. Е. Зайкевич, топурактагы химиялык процесстер менен анын күрдүүлүгүнүн ортосундагы байланышты А. А. Костычев, П. С. Коссович сунуш кылган. Д. Н. Прянишников Ата Мекендик агрохимия илимин негиздөөчүлөрдүн бири, өсүмдүктүн азот менен азыктанышын изилдеген. Агрохимиялык изилдөөлөрдүн негизги объектиси — өсүмдүк. Айрым өсүмдүктөрдүн биологиялык жана агротехникалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өсүмдүктүн азыктанышын изилдеп, жер семирткичтин жардамы менен түшүмдүүлүгүн арттыруу ыкмаларын иштеп чыгат.

Агрохимия топурактагы сиңимдүү заттардын жалпы көлөмүн, жер семирткичтердин топурактагы түрдүү өзгөрүүлөрүн, алардын топуракка тийгизген таасирин, ошондой эле айрым бир өсүмдүк үчүн жер семирткичтердин өз ара катышын, ченемин, чачуу мөөнөтүн жана ыкмасын, жер семирткичти которуштуруп айдоодо, топуракты иштетүү, сугат режими жана башка менен туура айкалыштырууну изилдейт. Кыргызстанда агрохимиялык изилдөөлөр Кыргызстан дыйканчылык илимий изилдөө институтунда, Кыргызстан топурак таануу жана айыл чарбасын химиялаштыруу илимий изилдөө институтунда жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер