Кирүү

Кыргызстан дыйканчылык илимий-өндүрүш бирикмеси

Кыргызстан дыйканчылык илимий-өндүрүш бирикмеси - 1976-жылы Кыргызстан дыйканчылык илимий изилдөө институтунун базасында уюшулган. Бирикмеге Кыргызстан дыйканчылык илимий изилдөө институту (бирикменин башкы илимий мекемеси), эксперимент чарбасы, 3 тажрыйба станциясы - Кыргызстан кант кызылча тажрыйба-селекция станциясы (Сокулук районунда), Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясы (Ош областынын Кара-Суу районунда), Ысык-Көл тажрыйба-селекция станциясы (Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда ); 2 таяныч пункт - Бүргөндү, Нарын; ССРБ нин 50 жылдыгы атындагы үрөнчүлүк чарбасы (Сокулук району) кирет.

Бирикменин негизги милдеттери: республиканын дыйканчылыгына илимий-техника прогрессти камсыз кылуу; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көп түшүмдүү сорт жана гибриддерин чыгарып, өндүрүшкө киргизүү; жогорку репродукциядагы үрөн алуу жана көчөт өстүрүү; ургаалдуу технология жана дыйканчылык системасын, мелиорация боюнча илимий сунуштарды өндүрүшкө киргизүү; эмгекти жана өндүрүштү илимий уюштуруу; индустриялык технологияны колдонуп, айыл чарба өндүрүшүн өнөр жайлык негизде жүргүзүү; илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин жайылтуу жана башка.

Бирикменин бардык жер аянты - 82,5 миң гектар ; анын 18,9. миң гектары айдоо жер. Мөмө багы, жүзүм жана башка 1 миң гектар жерди ээлейт. 1986-жылы Бирикмеде 11,4 миң уй (сааны 4 миң), 21 миң кой, 16,6 миң чочко, 1,4 миң жылкы болгон. Тажрыйба станциялары менен үрөнчүлүк чарбалары жыл сайын республиканын чарбаларына 34 миң центнерден өсүмдүк үрөнүн, 3 миң центнерден ашуун жүгөрү үрөнүн, 6 миң центнер үрөндүк картошка, 500 центнерге чейин жашылча үрөнүн, 900 центнер кант кызылча элита үрөнүн сатат. Мамлекетке жылына орто эсеп менен 11,6 миң тонна сүт, 2,7 миң тонна эт, 2 миң тонна дан, 30 миң тонна кант кьгзылчасын, 1 миң тонна жашылча, 2,8 миң тонна картошка өткөрөт. Жылдык орточо накта кирешеси 8 миллион сомду түзөт.

Ой-пикирлер