Кирүү

Жыгачтын чарбадагы мааниси

Жыгач - ички бөлүгү ядро, сырткы ачык түстүү бөлүгү кыртыш делет. Кыртыштуу өсүмдүктө (кайың, зараң) сөңгөгүнүн ортоңку жана сырткы бөлүгү бирдей болот. Бардык ийне жалбырактуу өсүмдүктө, эки үлүштүү өсүмдүктүн көбүндө жылдык шакектер, башкача айтканда ар жылы өскөн катмар жана радиус багытындагы өзөк нурлары айырмаланат. Кургак жыгачтын курамында орточо 49,5% көмүртек, 6,3% суутек, 44,1% кычкылтек, 0,1% азот болот. Жыгачтын негизги бөлүгүн целлюлоза (43-56%) жана лигнин (19-30%) түзөт.

Калган бөлүгүн гемицеллюлозалар, пектин заттары, минералдык заттар (негизинен кальций туздары), май, эфир майы, алкалоид, гликозид жана башка түзөт. Айрым дарактардын жыгачында өңдөгүч, боёк заттары, бальзам, чайыр, камфора жана башка бар. Жыгач табигый түрүндө жана атайын иштелип пайдаланылат. Жыгачтын физикалык касиети анын сырткы түрү (түсү, текстурасы, жалтырактыгы), тыгыздыгы, нымдуулугу, ным сыйымдуулугу, жылуулук сыйымдуулугу - менен мүнөздөлөт. Жыгачтын нымдуулугу анын маанилүү мүнөздөмөлөрүнүн бири.

Жыгачтын нымдуулугу эркин (клетка көңдөйүндө) жана байланышкан (клетка кабыгында) түрүндө болот. Ным сыйымдуулугу чегине жеткен жыгачтын 20° С температурада нымдуулугу 30% болот. Байланышкан нымдуулук азайганда жыгач кургап, көлөмү кичиреет, чүрүшүп калышы мүмкүн. Тескерисинче байланышкан суунун көбөйүшүнөн жана жыгачтын ным сиңиришинен ал көөп, көлөмү чоңоёт. Жыгачтын тыгыздыгы анын бардык түрү үчүн бирдей жана суунукунан 1,5 эсе жогору; нымдуулук көбөйгөндө тыгыздык жогорулайт. Жылуулук сыйымдуулугу жыгачтын породасына жараша эмес.

Жыгачтын жылуулук өткөрүү коэффициенти температура, нымдуулук, жылуулук агымынын багытына жараша болот. Жыгачтын күч келүүгө туруштук бериши анын мех. касиетине кирет. Жыгачтын буласын бойлото күч келгенде туруштук берүү касиети жогору, буласына туурасынан күч келгенде - төмөн. Ыңгайсыз шартта лайдалануудан же сактоодон жыгач чирип (козу карындардын таасиринен бузулуп) кетиши мүмкүн. Андан сактоодо антисептиктер колдонулат.

Ошондой эле курт-кумурскадан да жыгач бузулат. Алардан коргоодо инсектициддер пайдаланылат. Жыгач конструкциялык материал катары курулушта, (анын ичинде айыл чарба курулушунда), темир жол транспортунда, байланыш жана электр линияларында, тоо-кен өндүрүш жайларында, машина жана кеме курууда, мебель, музыка аспаптарын жана спорт буюмдарын жасоодо, целлюлоза-кагаз өндүрүш жайында кеңири керектелет.

Жыгач чириги

Жыгач чириги - жыгач породасындагы кеңири таркаган жана эң зыяндуу илдет. Аны базидиомицеттер классындагы козу карындардын көптөгөн түрү, негизинен буржук козу карын пайда кылат. Буларга тамырчы былпылдак, кампада жана курулуш материалдарына зыян келтирүүчү сапрофиттер, мисалы, кадимки, ак үй козу карындары, шахта козу карыны жана башка кирет.

Жыгач чиригине каршы күрөшүү чаралары: бул илдетке туруктуу дарак породаларын отургузуу, токой мелиорациясы жана башка дарактын өсүшү үчүн токой чарба иштерин жүргүзүү, чирик инфекциясы түшкөн дарактарды кыйып жок кылуу.

Ой-пикирлер