Кирүү

Гидравликалык кыймылдаткыч

Гидравликалык кыймылдаткыч - суюктуктун агым (кыймыл) энергиясын механикалык энергияга айландыруучу машина. Гидравликалык кыймылдаткычка суу дөңгөлөгү, суу турбиналары, ошондой эле суу кыймылга келтиргичтер кирет. Суу дөңгөлөгү анын калактарына (барасына) түшкөн суунун күчүнөн, же ал дөңгөлөккө чоң ылдамдыкта берилген суунун энергиясынын натыйжасында айланат.

Бул дөңгөлөк байыркы заманда көп колдонулган, азыр сейрек пайдаланылат. Суу турбинасы - гидравликалык кыймылдаткычтын жакшыртылган түрү. Ал жумушчу дөңгөлөктө жайгашкан бир же бир нече тешиктен атып чыккан суунун энергиясынан иштейт. Мында турбинаны айланткан суунун агым энергиясы механикалык энергияга айланат. Айлануу турбинанын валына кийгизилген шкиф же тиштүү дөңгөлөк аркылуу электр генераторуна же машинага берилет.

Иштөө принцибине карата активдүү жана реактивдүү суу турбиналарына бөлүнөт. Активдүү турбинада суу бирдей басым менен баранын айрым бөлүгүнө гана, ал эми реактивдүү турбинада суу жумушчу дөнгөлөктүн бардык бараларына бирдей аракет кылат.

Ой-пикирлер