Кирүү

Айыл чарба метеорологиясы

Айыл чарба метеорологиясы, агро-метеорология климаттык жана гидрологиялык шарттардын айыл чарба өндүрушүнө тийгизген таасирин изилдөөчү илим. 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон.

Россияда айыл чарба метеорологиясына А. И. Воейков негиз салган. Айыл чарба метеорологиясынын милдеттери: айыл чарба өндүрүшүн адистештирүүнү жана мелиорациялык маанилүү иштерди агроклиматтык жактан негиздөө, учурдагы жана келечекте болуучу метеорологиялык шарттарга жараша агротехникалык ыкмаларды колдонууга негиздөө, күздүк эгиндердин кыш мезгилиндеги абалына байкоо жүргүзүп, топурактын нымдуулугу менен температурасын агрометеорологиялык жактан узак мөөнөткө алдын ала айтуу ыкмаларын иштеп чыгуу, ошондой эле бардык айыл чарба өндүрүш тармагын агрометеорологиялык жактан тейлөө ыкмаларын өркүндөтүү.

Ой-пикирлер