Кирүү

Коңторбой айдоо

Коңторбой айдоо - жер айдоо ыкмасы; жерди күзүндө терең жана тайыз айдоодо, ошондой эле буулантма айдоодо жана топуракты жазгы үрөн себүүгө даярдоодо колдонулат. Коңторбой терең айдоо терең жумшарткыч-соко, тайыз айдоо культиватор-соко менен жүргүзүлөт. Мындай учурда топурактын үстү аз майдаланып, чым жана өсүмдүк калдыктары жакшы сакталат. Чым топуракты шамалдын учуруп кетишинен сактап, кар жакшы токтоп, нымдын көп сакталышына шарт түзөт.

ССРБ де жерди коңторбой айдоо ыкмасын Т. С. Мальцев өнүктүрүп, жерди коңторо айдагандан кийин топуракты бир нече жолу дискалуу жумшарткыч менен майдалоо ыкмасын сунуш кылган. Мында айдоонун үстүңкү катмары абдан майдаланып, топуракты шамал учуруп кетүү коркунучу туулгандыктан мындай жер айдоо системасы айрыкча шамалдуу аймактарда көп пайдаланылбайт.

Ой-пикирлер