Кирүү

Дефолиант химиялык заттары

Дефолианттар - өсүмдүк жалбырагын түшүрүүчү химиялык заттар. Негизинен терим алдында гозо жалбырагын түшүрүүдө пайдаланылат. Дефолианттар тийген гана жалбырактар түшкөндүктөн, аларды текши чачуу зарыл. Дефолианттар катары бутифос, кальций хлорат-хлориди. магний хлораты жана башка колдонулат. Бутифос (C4H9S)3PO - жагымсыз жыты бар, саргыч суюктук. Майдагы эритиндиси же 70% дуу эмульсиясы колдонулат. Уу зат. Магний хлораты Mg(ClO3)2 -сууда эрүүчү, ак, боз же бозомтук күрөң күкүм. Анча уулуу эмес. Кальций хлорат-хлориди Ca(ClO3)2(H2O)2- саргыч түстөгү - 42% дуу суудагы эритинди. Анча уулуу эмес.

Ой-пикирлер