Кирүү

Айыл чарба ишканасынын түпкү продукциясы

Айыл чарба ишканасынын түпкү (жыйынтык) продукциясы - ишкананын чегиндеги өндүрүш керектөөсунө түшпөгөн, белгилүү бир мезгилде (бир жылда) алынган продукция. Айыл чарба ишканасынын түпкү продукциясы айыл чарбасында товардык продукция болуп эсептелет. Чарба аралык ишкананын (бирикменин) түпкү продукциясы бирикмеге кирген ишкананын товардык продукциясынан чарба аралык тейлөөгө жумшалган суммага аз болот.

Накталай түрүндө ишкананын түпкү продукциясына чарба ичинде керектелген продуктулар, ошондой эле агрардык өнөр жай комплексинин тармактарына берилген продуктулар да кошулат. Түпкү продукциянын көлөмү айыл чарбасын ургаалдаштыруунун деңгээлине түздөн-түз байланыштуу. Ар бир гектар жерден алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жана малдын кунардуулугу канчалык жогору болсо, түпкү продукциянын көлөмү ошончолук көп болот. Ар кандай бирдей шарттарда түпкү продукциянын сапаттуу болушу чоң мааниге ээ, анткени ал сан жагынан көбөйөт.

Мисалы, кант кызылчасы менен жүзүмдүн канттуулугунун көбөйүшү, жашылчаларда кургак заттардын, күн караманын жана сүттүн майлуулугунун артышынан түпкү продукттунун көлөмү көбөйөт. Агрардык өнөр жай комплексинен алып караганда ишкананын түпкү продукциясынын көбүрөөк бөлүгү ортодогу болуп эсептелиниши ыктымал, керектөөчүгө жеткиче ал бир нече баскычтардан өтөт (ташуу, сактоо, кайра иштетүү). Керектөөчүлөргө жеткичекти жолдо продукциясынын бир канчасы кемийт, кээде көп эле ысырапчылыкка учурайт. Алынган продукциянын көлөмү керектөө көлөмү менен дайыма эле туура келе бербейт. Ошондуктан биргелешип макулдашып жана агрардык өнөр жай комплексинин тармактары менен келишип, продукция алынган жерден же фермадан керектөөчүгө жеткенге чейинки жолдордогу тоскоолдуктарды жоюу керек.

Ой-пикирлер