Кирүү

Жалбырак бүрүшү

Жалбырак бүрүшү - өсүмдүк илдети; ар түрдүү себептердин (илдет козгогучтардын жана чөйрөнүн ыңгайсыз шартынын) таасиринен жалбырак түзүлүшү бузулат (бүрүшөт). Илдетке айрыкча томат, гозо, кызылгат, каштан, картошка жана башка өсүмдүктөр чалдыгат. Кызылгат менен гозонун жалбырак бүрүшүн вирус, каштан мите козу карыны пайда кылат; томаттын жалбырак бүрүшү ыңгайсыз шарттын (фосфордун, нымдын жетишсиздигинен жана башка ) таасиринен пайда болот.

Картошканын жалбырак бүрүшү илдетин вирус козгойт. Илдет картошка сабагынын түтүкчөлөрү менен азык тамырына зыян келтирет. Мында флоэма клеткасында вирус көбөйүп, тор түтүкчөлөр каллоз полисахориддерине толот; фотосинтез жана башка физиологиялык процесстер начарлайт. Картошканын жалбырак четтери ичин карай бүрүшүп, астыңкы бетине күрөң так түшөт; жалбырак катууланып, өйдө көтөрүлүп калат.

Көп учурда картошка гүлдөбөйт. Ным жетишсиз болуп, аба менен топурак температурасы жогору, топурак каткалаң учурда илдет күчөйт. Каршы күрөшүү чаралары: илдетке туруктуу сортторду эгүү; вирус тараткыч өсүмдүк биттерин, отоо чөптөрдү жок кылуу; түшкөн жалбырактарды чогултуп өрттөө; таза үрөн (урук) себүү; фосфор жер семирткичтерин колдонуу жана башка.

Ой-пикирлер