Кирүү

Бордер-Лейстер кой породасы

Бордер-Лейстер кою (англ. Border- Leister) - эт-жүн багытындагы чала уяң жүндүү кой породасы. XIX кылымдын ортосунда Англияда лейстер кою менен шевиот коюн аргындаштыруудан чыгарылган. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 90 -100 килограмм, соолугу 60-70 килограмм.

Жүнүнүн узундугу 20-25 сантиметр, ичкелиги 46-56-сапатта. Кочкорунан орточо 5-6 килограмм, соолугунан 3-3,5 килограмм жүн кыркылат. Бордер-Лейстер кою тез жетилет, сүттүү, андан арбын төл (ар 100 тубар койдон 170тен козу) алынат. Бордер-Лейстер породасы негизинен өнөр жайлык аргындаштыруу үчүн пайдаланылат. Бордер-Лейстер кою менен аргындаштырылган башка койлордун дене түзүлүшү жакшырып, тез чоңоёт, эт, сүттү көп берет. Ушул максатта Бордер- Лейстер кою Австралия, Индия, Норвегияга алынып, мурунку ССРБ де эң аз санда асыралат.

Ой-пикирлер