Кирүү

Кур бакалар

Курбакалар - куйруксуз жерде-сууда жашоочулар тукуму. Бардык жерде жашайт, 21 уруусу, 300 түрү бар. Алардын 200 түрү көп таралган кадимки курбакалар уруусуна кирет. Мурунку ССРБ нин аймагында 4 түрү, анын ичинде Кыргызстанда 1 түрү (жашыл же жөнөкөй курбака) кездешет. Ал тоодо, бийик тоодогу көл жээктеринде Соң-Көл жана башка) көп таралган. Дене узундугу 14 сантиметрдей, өзү жашыл, кара тактары бар. Орто Азиядан башка Крымда жана Кавказда бар. Мурунку ССРБ нин аймагында көбүнчө кадимки же боз курбака кездешет, дене узундугу 20 сантиметрдей, башка курбакалардан чоңураак болот. Өңү боз күрөң же жашыл, күрөң темгилдүү. Токой, бактын арасында, чабынды жерлерде жашайт. Курбака бак, огород өсүмдүктөрүнө зыяндуу ар кандай курт-кумурска, чымын-чиркей, жөргөмүштөрдү жеп, айыл чарбасына пайда келтирет.

Ой-пикирлер