Кирүү

Айыл чарбасындагы бордун мааниси

Бор - В - Менделеевдин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент, атомдук номери 5, атомдук салмагы 10,81. Бозомтук кара түстөгү кристалл зат (өтө таза бор - ак болот). Эки изотобу бар - В15 (19% дай ) жана В11 (81 % дай). Кадимки температурада химиялык жактан инерттүү. Табиятта анча көп таралган эмес, негизинен бирикмелер (бораттар) түрүндө кездешет.

Табигый негизги бирикмелери: бор кычкылы Н3ВОз жана анын туздары (көбүрөөк белгилүү бура - Na2[B4O5(OH)4]·8H2O. Бор негизинен шор топуракта көп, кызыл, күл топуракта өтө аз санда кездешет. Бор айыл чарбасында өсүмдүк жана жаныбарлардын тиричилиги үчүн өтө керектүү микроэлементтердин бири. Бордун жетишсиздиги өсүмдүктү илдетке чалдыктырат. Кишиде, жаныбарларда бор ашыкча болсо, зат алмашуу бузулат. Бор бирикмелери металлургия, ветеринария жана башка тармактарда колдонулат.

Бор - чөкмө тоо тек; аки таш тегинин бир түрү. Ак, кээде саргыч түстө, 99% ке чейин көмүр кычкыл кальцийи болот. Сууда эрибейт, суюлтулган кычкылдарда көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу менен жакшы эрийт. Курск, Белгород, Воронеж облусунда, Украина, Казакстан жана башка жерлерде бор мезгилинин чөкмөлөрүнүн арасында көп кездешет. Өнөр жайда цемент, айнек, боёк, резина, пластмасса жана башка даярдоодо, ошондой эле айыл чарбасында пайдаланылат.

Рациондо кальций жетишсиз болгондо минерал тоют катары (40% дай Са болот) аралаш тоют менен кошо, ошондой эле рахит, остеомаляция жана башкаларды дарылоодо малга берилет. Курамында клей болгондуктан курулушта колдонулуучу бор малга берилбейт.

Ой-пикирлер