Кирүү

Айдоо жер түрлөрү

Айдоо жер деген эмне - түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрү эгилип, дайыма иштелип туруучу айыл чарба жери. Айдоо жерге которуштуруп эгүүдөгү жер, анын ичинде буулантма, ошондой эле огород жана жаңы иштелип жаткан дың жер жана башка кирет. Чабынды жана жайытты жакшыртуу үчүн убактылуу айдалган жер айдоо жерине кирбейт. СССРде айыл чарбага жарактуу жердин 40%ын айдоо жер ээлейт. Айдоо жер пайдалануу түрүнө жараша сугат жер, кургатылып жаткан жер, ошондой эле табигый өзгөчөлүгүнө жараша ашыкча нымдуу, таштак, эрозияга учураган жер жана башка болуп бөлүнөт. 1985-жылы СССРде 210,3 млн га, Кыргызстанда 1263,08 миң га (1984-ж.) айдоо жер болгон.

Ой-пикирлер