Кирүү

Жер рентасы

Жер рентасы - жер ээлерине төлөнүүчү аренда акынын негизги үлүшү; жер ээси алган кошумча продуктунун бөлүгү. Аны айыл чарба жумушчулары өндүрөт. Жер рентасы жер менчигинин пайда болушу менен кошо чыккан. Кул ээлөөчүлүк коомдо кулдардын, колондордун (жарым-жартылай эркин) жана эркин майда жер ээлөөчүлөрдүн эмгегинен, ал эми феодализм учурунда крепостной дыйкандардын эмгегинен түзүлөт. Айыл чарбасынын капиталисттик чарба жүргүзүүнүн объектисине айланышы менен жерди арендага алган айыл чарба капиталисти жер ээлерине айыл чарбасында жалданып иштөөчү жумушчулар тарабынан түзүлгөн кошумча нарктын бөлүгүн төлөшөт.

Социалисттик коомдо абсолюттук рентанын пайда болуу шарттары жоюлган. Мында дифференциалдык рента гана калат. Социализм мезгилиндеги дифференциалдык рента бул к-здордун кошумча таза кирешесинин формасы. Дифференциалдык рента коомдук жана кооперациялык ишканалардын ортосундагы кошумча таза киреше боюнча мамилелерин, жумушчу табы менен колхоздук дыйкандардын ортосундагы өз ара кызматташтыкты, өз ара жардамдашуу мамилелерин көрсөтөт. Дифференциалдык I рента мамлекеттик тарабынан сатып алуу баалары аркылуу, сатып алуу көлөмүн дифференциялоо жолу менен, ошондой эле- кирещеге жараша алынуучу налог аркылуу алынат.

Дифференциалдык II рента бир эле жер участкасындагы кошумча эмгек чыгымдарынын ар түрдүү өндүрүмдүүлүгүнүн натыйжасында түзүлгөн таза киреше болуп саналат. Илимий-техника прогресстин шартында эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү дифференциялык II рентанын массасынын жана нормасынын пландуу түрдө өсүшүн камсыз кылат. Анын көпчүлүк бөлүгү чарбанын карамагында калат жана өндүрүштү кеңейтүүгө, колхозчулардын кирешелерин жогорулатууга жумшалат.

Ой-пикирлер