Кирүү

Көк буурчак

Көк буурчак - жашылча буурчагынын жакшыртылган сортунун даны. Жаңы кезинде же консерваланган, муздатылган, кургатылган түрдө тамак-ашка пайдаланылат. Консервалануучу буурчакта орт. 16-22% кургак зат, анын ичинде 5- 8% кант, 3-7% крахмал, 4-7% азоттуу заттар, 1,5% минерал тузу, 20-40 мг%С витамини, каротин жана В витаминдери болот.

Консерва чийки заты катары пайдаланылуучу көк буурчак дүмбүл кезинде орулат; данынын формасы боюнча ал жылма дандуу, бырыш дандуу жана башка. Көк буурчак бөлүнөт. Бырыш дандуу сортунда кант, жылма дандуусунда крахмал көп болот, бырыш дандуу көк буурчактын сабагы анча узун эмес, текши гүлдөп, текши бышат. Сабагы силостолуп, даны консерва заводуна жөнөтүлөт.

Ой-пикирлер