Кирүү

Жибек буласы

Жибек - жибек курту бөлүп чыгаруучу табигый була. Жибек куртунун жибек чыгаруучу жип бездери белок затынан (фиброин, серицин) турган эки жип бөлүп чыгарат. Жипте алардан башка мом менен май (1 -1,5%), ошондой эле минерал заттар - калий, натрий, кальций туздары (1 - 1,5%) да бар. Жибек курт өзү бөлүп чыгарган жипке оронуп, пилланы түзөт. Жалгыз пилладан түрүлгөн жип өтө ичке болуп текши болбойт. Өнөр жайлык жибек жиптин жоондугу бирге түрүлүүчү пилланын санына жараша болот. Жиптин чыгышы жибек курттун породасына, гибридине, пилланын өлчөмүнө, калыңдыгына, катуулугуна жана жип түрүүгө даярдоо ыкмаларына жараша болот.

Кургак пилланы түргөндө жибек жиптин чыгышы 30-34 пайызга жетет. Жибек жип текши, жылмакай, гигроскоптуу, оңой боёлот. Жибек жиптин үзүлүүгө туруктуулугу 40 килограмм щч/миллиметр, чоюлууга туруктуулугу 14-18%. Ным кезинде 1-си 10 пайызга кемисе, 2-си ошончого көбөйөт. Жегичтердин таасирине туруктуулугу аз, минералдуу кислотаталарга туруктуураак. Кадимки органикалык эриткичтерде эрибейт. Күн нуруна туруксуз. Жибек жип кездеме токуу жана техника максаттар үчүн керектелет, ошондой эле электр өткөрбөөчү материал катары пайдаланылат.

Ой-пикирлер