Кирүү

Жайылма токою

Жайылма токою - өзөн бойлой жайылмага өскөн бак-дарак. Мурунку ССРБ нин Европа бөлүгүндөгү жана Сибирдин түздүктөрүндөгү дарыялардын жээгинде кездешет. Сууга чыдамдуу тал, кара терек жана ак терек өсөт. Орто Азияда - терек, тал жана майда бадалдар, Кавказда - ак терек, эмен жана башка дарактар кездешет. Ири жана орточо дарыялардын жайылмасынын көбү мамлекеттик токой фондусуна карайт жана токойдун биринчи группасына кирет.

Жайылма токоюнун эл чарбасында мааниси чоң. Тал, эмен дарактарынан курулуш материалы жана жыгач чийки заты даярдалат. Бадалдан куу чырпык топтоп, талдан токулган идиш жана буюмдар жасалат. Тал, терек токою Орто Азиянын жана Кавказдын токойсуз райондорунун калкын отун менен камсыз кылат. Анын коргоочулук ролу да зор.

Ой-пикирлер