Кирүү

Жугуштуу агалактия

Жугуштуу агалактия, таш желин - кой, эчкинин тез таралуучу жугуштуу ылаңы. Мында сүт чыкпай, көз жана муун жабыркайт. Ылаң Испания, Греция, Швейцария, Түркия, Иран, Африканын түндүк бөлүгүндө, Югославия, Болгария, Румынияда тараган. Мурунку ССРБ нин аймагында да кездешет. Ылаңды козгоочу полиморфтуу микроб. Ылаң көбүнчө жайында, тоолуу жерде кездешет.

Ылаңдын букма мезгили 2-60 күн. Ылаң катуу жана өнөкөт түрүндө өтөт. Катуу кармаган түрү 1-2 жумага созулуп, малдын температурасы 41-42°С ка көтөрүлүп, шайы кетип, тоюттан калат, желини чочуп, ооруйт, байый баштайт. Муундары шишип, аксайт, көзүнүн агы сезгенир жаш куюлат. Бооз кой козу салат. Өнөкөт түрү бир нече жума, айга созулат. Дарылоо: пенициллин, новарсенол менен уротропин аралашмасы, йоддун суудагы эритиндиси колдонулат. Көздүн ичи 1% дуу бор кычкылынын эритиндиси менен жуулат; 1% дуу көк таш эритиндиси муунга куюлат. Алдын алуу: ылаңдаган мал өзүнчө бөлүнүп, короо-сарай дезинфекцияланат, 2 ай карантин чектелет.

Ой-пикирлер