Кирүү

Кой төлдөтүү

Кой төлдөтүү - кыш (январь, февраль), эрте жаз (март) жана жаз (апрель) айларында жүргүзүлөт. Сезонго бөлүп төлдөтүү короо-сарай, тоют жана кой багуу системасына жараша болот. Койлор жетилишине жараша уруктангандан кийин 142-148, 148-156 күндө төлдөйт. Кой төлдөтүү ийгиликтүү өткөрүүнүн негизги шарттары: тубар койлорду өз учурунда тоюттандыруу; тоюттун сапаттуу болушу; тубар койлордун алдына саман төшөп, короону жылуу, таза кармоо; сакмалчыны тажрыйбалуу адамдардан дайындоо жана башка Төл алуу башталардан бир ай мурда тубар койлордун желининин тегерегиндеги, куйругундагы жүндөрү кыркылып, 10 күн калганда короонун ичи тазаланып, дезинфекцияланат. Туут бөлмөсүндөгү жылуулук 12-14°С болуу керек. Төлдөтүү мезгилинде чабандык бригадада төмөнкү аспаптар болууга тийиш: койдун чөбүн жыйноочу 2 ящик, 2 темир илмек, 2 кол жуугуч, 2 илеген, 8 сүлгү, 8-10 халат, самын, 8-10 фонарь, 5-6 чака, күрөк, тоют ташуучу бир аттык араба, вет. аптечка жана башка Туур алдында койлор туут бөлмөсүнө киргизилип, 2-3 күн өзүнчө багылат. Кышкы жана эрте жазгы туут койго кеминде 1,5 чарчы/метр аянт бөлүнөт.

Ой-пикирлер